Блогер вице-мэрге шаардыктар нааразыбы?

Автор

“Тазалыктын” мурдагы жетекчиси Рамиз Алиев өткөн жумада вице-мэр болуп дайындалды. Бирок, шаар мэринин мындай дайындоосу кайра нааразылык жаратканы айтылууда. Рамиз Алиев аракетчил жетекчи катары шаардын тазалыгы үчүн жакшы аракеттенгенин эскеркендер да бар. Бирок, ошол эле кезде аны блогер жетекчи катары айыптагандар жок эмес. Анын семичке чаккан бала жөнүндөгү видеосу коомдо түрдүү пикирди жаратты.
Белгилүү журналист Назгүл Мамытова “ушуга күнү түшүп, вице-мэр кылып дайындагандардын ахыбалы чындап оор экен деп калдым”,- деп жазган өздүк баракчасына. Ошентсе да, убакыт берип, иштетип көрүү керек деген пикирлер басымдуулук кылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчы Ташиев, УКМК төрагасы: "Раим Матраимовдун мойнуна 200 млн доллар илинген"

“Раим Матраимовду алгач кармаганыбызда алар 2 млрд 200 млн сом төгүп чыгышкан. Биз аларга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү бердик. Токтоткула, мыйзам менен жашагыла дедик. Бирок, бир канча убакыт өткөндөн кийин кайра бажыга аралашып, мурдагыдан да көп уурдай башташты”,- деди УКМК төрагасы Кара-Суудагы актив менен болгон жолугушууда. Раим Матраимовдун мафиясы криминал менен достошуп, […]

Сизге жагышы мүмкүн