Блогер Улукбек Карыбек уулунун кокустан кирип барып, кайсы бир ишкананы текшерүү, жетекчилерин кагып силкүү жана демитүү, суракка алуу сыяктуу көрүнүштөрү коомду дүрбөлөңгө салды. Мындан улам аталган блогердин кылык-жоругу арзан пиар катары бааланып жатат. Кечээ өлкөнүн вице-премьер министри Эдил Байсалов өздүк баракчасында Улукбек Карыбек уулун айыптап, “биз мобул өзүн-өзү интернет жылдызы кылып дайындап алган иничек-карындаштарды бир нукка салып, тартипке чакырышыбыз керек деген ойдомун”, – деген сунушун киргизди. Ал андан ары “өкмөт сөзсүз түрдө мындай чектен чыккан көрүнүштөргө чара көрөт”, – деп жазган.