Блоггер 5 күнгө камалды

Автор

Өзүн блогер катары тааныткан Нурболот Турганбаев аттуу жигит көчөдө тартип бузуп, бейтааныш кызга акаарат келтирген үчүн 5 суткага камалды.
Мындай чечимди 27-мартта Ош шаардык соту чыгарды. Ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси менен айыпталууда. Ага чара көрүүнү өтүнүп, Азамат Ормокеев аттуу активист кайрылган. 26-мартта болсо, акааратка кабылган ошол кыз да арыз жазган. Эртеси милиция блогерди Бишкектен Ошко жеткирген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Ангина бул эмне?

Ангина – бул бактериялар же вирустар козгогон жугуштуу оору болуп саналат. Ал тамактагы бездердин (амигдал) сезгенишине алып келет. Негизги белгилерге тамактын оорушу, жутуу кыйынчылыгы, бездердин кызаруусу жана дене температурасынын жогорулашы кирет. Дарылоо антибиотиктерди (бактериялык ангина үчүн), көп сууну, сезгенүүгө каршы дарыларды жана эс алууну камтышы мүмкүн. Эгерде сизде стрептококк оорусуна […]

Сизге жагышы мүмкүн