Блинкен: Украина Россияга сокку урууну өзү чечет

Автор

Россиянын аймагына сокку урууну Украина өзү чечиши керек. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинде билдирди.
«Украинадан тышкаркы чабуулдарга колдоо көрсөтүүгө келсек, биз буга катышкан эмеспиз. Бирок Украина өз алдынча чечим кабыл алышы керек»,-деди саясатчы. 
Блинкен жакында Киевге болгон сапарында Украинага курал-жарак үчүн 2 миллиард доллар бөлүнөөрүн билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

"Mishelle" кафеси менен “Ала Арча” соода борборунун жаңжалы

“Ала Арча” соода борборунун жетекчиси кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда “Mishelle” кафеси “Ала Арча” соода борбору менен 6 айдан бери келишим түзбөй иштеп келатканы айтылат. “Алар менен 4 жыл бирге иштештик. Учурда эч кандай келишим жок. Мыйзамды да, бизди да тоготпой ээлеген аянтчасын бошотпой келатышат. Депутаттарды же, күч органдарын аралаштырып, бизге […]

Сизге жагышы мүмкүн