АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен социалдык X тармагы аркылуу Украинанын жаңы тышкы иштер министри Андрей Сибиго менен сүйлөшкөнүн билдирди.
“Украина менен жаңы тышкы иштер министри Андрей Сибиго менен сүйлөштүм. Ал узак мөөнөттүү өнөктөш жана биз аны менен кызматташып, жемиштүү иш алып барабыз деп ишенем. Келерки жумаларда аны менен жеке жолугууну күтөөм”,-деп жазган Блинкен өзүнүн баракчасында.