Блинкен: АКШ Россияга каршы ATACMS колдонууга уруксат бериши мүмкүн

Автор

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ Украинага ATACMS узак аралыкка учуучу ракеталарды колдонуп, Россиянын аймагындагы объектилерге сокку урууга уруксат бериши мүмкүн экенин четке какпай турганын билдирди.
“Биз эч качан мүмкүнчүлүктөрдү четке какпайбыз”,-деди Блинкен британдык Sky News телеканалына берген маегинде.
Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага курал-жарак жеткирүүлөр сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылып, НАТО мамлекеттерин түздөн-түз конфликтке аралаштырып жатат деп эсептейт. Анын айтымында, АКШ жана НАТО курал жеткирүү гана эмес, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдоо аркылуу да түздөн-түз конфликтке катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Нарында ата мекендик мотоциклдер чыга баштады

“Нарын мото” заводу алгачкы продукциясын — ата мекендик мотоциклдерди сата баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти. “Нарын мото” заводу Ат-Башы районундагы Кара-Булак участкасында курулган Эл аралык соода-логистикалык борбордон орун алды. Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда. Өндүрүштөн чыккан “Нарынмото” […]

Сизге жагышы мүмкүн