АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон менен Анкара Сириянын келечегине карата көз караштары боюнча кеңири макулдашууга жетишкенин билдирди.
“Биз алдыда турган мүмкүнчүлүктөргө жана Сирия элинин келечегине көңүл буруп жатабыз. Биздин максатыбыз – сириялыктарды Башар Асаддын чынжырынан бошотуу. Түркиянын президенти Эрдоган жана тышкы иштер министри Фидан менен болгон талкууларыбызда Сириянын келечеги боюнча пландарыбызды кеңири макулдашууга жетиштик”,-деди мамлекеттик катчы.
8-декабрда Сириядагы куралдуу оппозиция өкүлдөрү Дамаскта мамлекеттик телеканалдын кеңсесин басып алып, эфирден өлкөнү көзөмөлгө алышканын билдиришти. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Сириянын президенти Башар Асад өлкөдөн чыгып кетүү чечимин кабыл алганын маалымдады.