Бишкек шаарына дагы 38 автобус алынып келет

Автор

Борбор калаанын тургундарына жана конокторуна шаар ичинде жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында коомдук транспорт көбөйтүлүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында 2024-жылдын январь айында Бишкек шаарына газ менен иштеген 124 автобус алынган.
Муну менен катар, республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен алынган 1000 автобустун калган 500 автобусу келди.
Ошондой эле Германия өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча калаага Түркия мамлекетинен чыгарылган 48 автобус келди, дагы кошумча 38 автобус келүүсү күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстандагы учак кырсыгы. Кыргызстандык үч жарандын абалы айтылды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова менен авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын үч жаранынын абалы тууралуу сүйлөштү. Ведомствонун маалыматы боюнча, алардын биринин абалы оор, экөөнүн абалы орто. “Казакстандык медицина кызматкерлери өз убагында керектүү жардамдарды көрсөтүп, учурда жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта. Алымкадыр Бейшеналиев казак кесиптештерине […]

Сизге жагышы мүмкүн