Бишкек шаардык сотунун судьясы 5 миң доллар пара менен кармалды

Автор

Опузалап пара талап кылган Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “И.Н.А.” аттуу судья жана дагы бир судья сотто каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң доллар өндүрүп алган.  Коррупциялык схемага “ишенимдүү” делген адвокаттар тартылганы аныкталды.

“Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы “И.Н.А.” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларын да текшерүү иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленет

Кочкордо мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара КР президентинин “Инсандын руханий – адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарына жана министрлер кабинетинин жалпы улуттук жана республикалык маанидеги юбилейлик […]

Сизге жагышы мүмкүн