Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Борбор калаанын шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конушбаев депутаттарга төш белгисин тапшырып, депутаттар ант беришти.
Шаардык кеңештин регламентине ылайык, биринчи сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат ачып, шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин алып барат.
Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине төраганы, төраганын орун басарын шайлоо, фракцияларды каттоо жана алардын лидерин аныктоо, туруктуу комиссиялардын тизмесин, алардын курамын жана төрагаларын бекитүү жана уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирди.
Бул чакырылышта депутаттардын саны 51ге чейин көбөйтүлдү. Административдик-аймактык реформа болгонго чейин Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат болгон.