Бишкек шаардык кеңешине кимдер депутат болот?

Автор

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
Ал жыйынтык боюнча Бишкек шаардык кеңешине 5 партиянын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер депутат болуп калышты.
«Жаңы күч» партиясы 37903 добуш, «Эмгек» партиясы 28647 добуш, «Адилет» партиясы 17858 добуш, «Ынтымак» партиясы 18613 добуш, «Эл үмүтү» партиясы 14514 добуш алышкан.
Ал эми мандаттарды бөлүштүрө келгенде «Жаңы күч» 17 мандат, «Эмгек» 12 мандатка, «Адилет» 8 мандатка, «Ынтымак» 8 мандатка жана «Эл үмүтү» 6 мандатка ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Токтогул ГЭСине күн электр станциясы курулат

Токтогул ГЭСине күн электр станциясы курулат. Мындай макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Германияга болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлду. Анда министрлер кабинети менен “Sonnenergie, a.s.”, “AB Progressio GmbH”, “LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG” компанияларынын, “СЭС Токтогул” ачык акционердик коомунун, “СЭС Токтогул КГ” ачык акционердик коомунун ортосундагы эки калкып жүрүүчү күн […]

Сизге жагышы мүмкүн