Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кореянын T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы 2023-жылдын июнь айында Сеул – Бишкек – Сеул багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландап жатат.
Жаңы багыт боюнча биринчи каттамдын болжолдуу датасы 11-июнга белгиленген. Сеул шаарына авиакаттамдар жумасына бир жолу аткарылары күтүлүүдө.