2024-жылдын 24-январдан тарта Пекин– Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы аба каттам ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кытайлык China Southern Airlines авиакомпаниясы бул багыт боюнча каттамды аптасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү аткарат.
Буга чейин “Манас” аэропорту 12-декабрдан тарта Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттам ачылганын билдирген.