Бишкек-Ош унаа жолу эки тараптуу ачылды

Автор

Бишкек-Ош автожолунун тыгын болгон жерлери эки тараптуу ачылып, учурда Сосновка, Арал жана Талды-Булак өткөрүү посттору жабык. Бул тууралууӨзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 13:00гө карата Бишкек – Ош унаа жолунун 133-чакырымындагы (Төө-Ашуу ашуусу) жол тыгыны жөнгө салынып, учурда унаалар эки тараптуу жүрүп баштады. Ошондой эле унаа жолдун боюнда туруп калган айрым оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө ӨКМдин куткаруучулары көмөктөшүүдө.
Ал эми Сосновка, Арал жана Талды-Булак өткөрмө жайларында унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алына элек жана аталган посттордо ысык тамак уюштурулган.
Дагы кошумча маалымат берилет дейт ӨКМ.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктар иштөө үчүн Түштүк Кореяга жөнөтүлдү

Бишкекте 39 кыргызстандыктан турган кезектеги топ жумушка орноштуруу системасы (EPS) боюнча Түштүк Кореяга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган программа өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: маданияттар аралык түшүнүшүү, Кореянын тарыхын жана маданиятын үйрөнүү аркылуу кызматташууну алга жылдыруу; социалдык ченемдер; корей тилин билүү деңгээлин жогорулатуу; кореялык […]

Сизге жагышы мүмкүн