Бишкек — Ош унаа жолу тазаланды. Жолдор ачык

Автор

Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымына түшкөн кар көчкү атайын техникалардын жардамы менен тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчкүдөн 5 жеңил унаа чыгарылды, жабыркагандар жок.
Азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Белгиленгендей, Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Транспорт министрлиги Жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулуп, жолчулар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Жылкылар тууралуу кызыктуу фактылар

1. Жылкынын орточо жашоосу болжол менен 25-30 жыл болот. 2. Ат адамдын үнүндөгү эмоцияны тааный алат. 3. Аттар башка аттарды фото жана сүрөттөрдөн тааный алат. 4. Жылкылардын эс-тутумдары мыкты. Алар жамандык кылгандарды өмүр бою эстеп жүрүшү мүмкүн, бирок досторун да унутушпайт. 5. Ат чабандес менен эң бийик секирүү 1949-жылы расмий […]

You May Like