Бишкек – Ош трассасынын 127-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кар көчкүгө байланыштуу Сосновка постунда бардык унааларга чектөө киргизилди. Учурда жеринде тиешелүү кызматтын кызматерлерди карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми жол инспекторлор айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин кылышууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулардан убактылуу жолго чыкпай турууну суранды.