Бишкек-Ош жолу жабылды

Автор

Бишкек-Ош унаа жолунун тоолу аймактарында кар калың жаагандыгына байланыштуу “Чычкан”, “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайларында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы тапта жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Айдоочулардан зарыл болбосо алыскы аймактарга чыкпоону жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну суранып жатышат.
Эске салсак, саат 08:30га карата жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жаткан.
№9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары, ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.

Бөлүшүү:
Next Post

ДССУ: Ливанда чабуулдардан 72 медицина кызматкери жана бейтап көз жумду

2024-жылдын 17-сентябрынан тартып Ливанда чабуулдардын натыйжасында 23 саламаттык сактоо объектиси жабыркаган. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда 72 адам көз жумса, 43 адам жаракат алды. Сөз медицина кызматкерлери жана бейтаптар жөнүндө болуп жатат. 15 учур медициналык мекемелерге, 13 учур медициналык транспортко тийиштүү. Билдирүүдө айтылгандай, Ливандагы кагылышуулардын күчөшү өлкөнүн түштүгүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн