Бишкек – Ош жолу ачык. Оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Автор

Бүгүн саат 08:35те Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери уланууда.
Ишкана айдоочуларга ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгууну жана 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил палестиналыктарга жардам боюнча БУУнун ишине тыюу салды

Израил парламенти (Кнессет) Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам берүү боюнча БУУнун агенттигинин (БАПОР) өлкө аймагында иштөөсүнө тыюу салган эки мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Бир мыйзам долбоору агенттиктин Газа тилкесинде, Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Чыгыш Иерусалимде ишин токтотот, экинчиси болсо израилдик аткаминерлерге жана мамлекеттик органдарга БАПОР менен […]

Сизге жагышы мүмкүн