Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин начарлашынан улам саат 02:15тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Жеринде №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери жүргүзүлдү.
Ушундай эле кырдаал Өтмөктө орун алып, инерттик материалдар чачылды. Жол ачык, каттам бар.
Министрлик жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жасалма тыгын менен атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратып жатканын айтууда.
Буга байланыштуу министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.