Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүнү чектөө сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министрлиги коомдук талкууга койду.
Ага ылайык, Төө-Ашуу аркылуу жеке максаты менен бара жаткан мамлекеттик кызматкерлердин баары акы төлөйт.
Бирок “Тез жардам” унаасы, коомдук, ички-тышкы коопсуздукту камсыздоочу органдарга тиешелүү атайын автоунаалар, Энергетика министрлигинин, Транспорт жана байланыш министрлигинин атайын машинелери, айыл чарба азыктарын ташыган автоунаалар Төө-Ашуудан акысыз өтө алат.