Бишкек мэри жол кирени көтөрүү боюнча түшүндүрмө берди

Автор

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө жол кирени көтөрүү сунушу боюнча маалымат берди.
Ал Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып, коомдук транспорттун айдоочулары накталай төлөнгөн жол кирени өздөрүнө алып калып жаткандыктан ушундай демилге көтөрүлгөнүн айтты.

“Биринчиден, накталай эмес төлөмдүн көлөмүн көбөйтөлү деп жатабыз. Акча айдоочулардын сол чөнтөгүнө кетип жаткандыктан накталай төлөм болгондо айдоочуларга план коюлат. Алар планды толтуруш үчүн автобусту катуу айдап атышат. Эл аралык тажрыйбаны карасак деле накталай төлөмдөр 100-200% жогору болот экен. Ошондо эл карта менен төлөй баштайт”, — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Түндүк Корея Түштүк Корея менен жолдорду жабарын жарыялады

Түндүк Кореянын Башкы штабы Корей жарым аралындагы кырдаалдын курчушу өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн “оор чараларды кабыл алууну” талап кылып жатканын билдирди. Ушуга байланыштуу КЭДР Түштүк Корея менен автомобиль жана темир жолдорду жабат, деп билдирет Борбордук телеграф агенттиги. “9-октябрдан баштап Түштүк Корея менен автомобиль жана темир жолдорду толук жабуу жана […]

Сизге жагышы мүмкүн