Бишкек мэриясы талаш турак үйдүн жарыгын өчүрдү

Автор

Бишкек шаардык мэриясы Абды Сүйөркулов көчөсүнүн 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн электр жарыгын өчүрүп, суу берүүнү токтотту. Мындай маалыматты вице-мэр Азамат Кадыров билдирди.
Ал бир гана үй-бүлө муктаждыктан улам Чүй проспектиси менен Жусуп Турусбеков көчөсүнүн кесилишиндеги батирлердин бирине жайгаштырылып, калган тургундар көчөт деп билдирди.
Вице-мэр билдиргендей, эми комиссия түзүлүп, турак үйдөн эл чыгарылат. Текшерүү бүткөнгө чейин эшиктери жабылат. “Териштирүү иштери бүтмөйүнчө бул жерде жашоого, кирүүгө болбойт. Эмеректерин чыгарып кетүүгө уруксат бар”, – деди Азамат Кадыров.

Бөлүшүү:
Next Post

Папиломанын кесепети жана дарылоо жолдору

Папиломаны дарылоо жолдору Папилома-бул адамдын папиллома вирусунан (ХПВ) пайда болгон залалдуу шишик. Ал териде же былжыр челдерде жумшак, чыгып турган сөөл катары көрүнүшү мүмкүн. Папилома ар кандай формада, өлчөмдө жана түстө болушу мүмкүн. Анын айрым түрлөрү рактын, айрыкча жатын моюнчасынын рак оорусунун өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн, андыктан ден соолугуңузду текшерип […]

Сизге жагышы мүмкүн