Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүү боюнча үн катты

Автор

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «жол кирени көтөрүү» сунушу боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына билдирүү жазды.
Аткаминер жол кире акысын «Тулпар» картасы же башка бардык банктын картасы менен QR код аркылуу төлөөгө чакырды.
“Азыр “Тулпар” карталары менен жана Улуттук банктын QR аркылуу бардык банктын карталары менен жол кире 17 сомду түзөт. Жол кирени накталай төлөбөй, “Тулпар” картасын алгыла да 17 сомдон төлөп, жүрө бергиле. Мисалы, бир сааттын ичинде каттам алмаштырсаңыздар ошол эле 17 сом менен жүрсөңүздөр болот дегенди да карап көрсөңүздөр. Себеби, накталай акча менен төлөгөндө айдоочуга тоскоол болуп, ошону менен бирге сол чөнтөгүнө салым кошуп жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Биз мэрия тараптан канчалык аракет жасап жаткан менен, адамдык фактор деген да бар экен. Автобустарды аябай айдап, талкаланып жатканына күбө болуп жатабыз. Жүргүнчү, мисалы 1000 сомдук акча берип койсо майдалап 20 сом алып калыш үчүн жолду карабай алаксып кетип жатышат. Планды аткарып чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн кубалашып айдап жаткандарын көрүп жатасыздар. Биз сиздер менен кеңешип, коомдук талкуу аркылуу маселени бирге чечели деп талкууга чыгардык. Карта менен төлөп, айдоочуну алаксытпай ошону менен бирге көмүскөгө, сол чөнтөкө кетип жаткан акчаларды мамлекеттин казынасына түшүрөлү деген тилегибиз бар. Сөгүп урушаардан мурун талкууга активдүү катышып бериңиздер. Накталай эмес, карта менен төлөө жолун жөнгө салып, Тулпар картасы же бардык банктын картасы аркылуу мамлекеттик QR кодту колдонуп көрсөңүздөр. Суроолоруңуздарга жооп берүүгө даярмын. +996553517777 байланыш телефонум «, — деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына

Бөлүшүү:
Next Post

Жалпы 530 км жол асфальтталды

9 айдын жыйынтыгы боюнча өлкө аймагында 530 км жол асфальтталды. Мындай иш аракет жыл аягына чейин 582 кмге болжолдонгон эле. Мындай маалыматты Транспорт министринин орун басары Бекжан Рысмендеев таратты. “Балыкчы-Бөкөнбаев жолунун 25 км асфальт төшөлүп бүттү. Бөкөнбаев-Барскон-Кара-Кол жолу боюнча Азия Өнүктүрүү банкы менен 109 миллионго келишим түзүлдү. Корумду-Балбай жолу боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн