Бишкек мэриясы жол киренин накталай акысын 30-40 сомго көтөрөбү?

Автор

Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысын көтөрүүнү пландоодо.
Муниципалитеттин билдиришкендей, колдонуудагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасынын айырмасы 3 сом.
Калкка жол кирени электрондук төлөө системасын пайдаланууга дем берүү максатында жол кире акысын накталай түрдө көбөйтүү сунушталууда. Ошондой эле бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде которууларды жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, накталай төлөм жүргүзүүдө жол кире акысы 30 сомдон 40 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Мындай демилге төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.

Бөлүшүү:
Next Post

9-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6… +11, күндүз +21…+26, Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, Жалал-Абад […]

Сизге жагышы мүмкүн