Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы “А” классындагы тез жардам унааларын сатып алат.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендердин пландалган суммасы – 14 млн 693 миң 635,5 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 27-декабрга чейин тапшыруу зарыл.
3 тез жардам унаасы сатып алынмакчы.