Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси алмашты

Автор

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Сагынбаев Канат Латипжанович ротация менен Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
Буга чейин ал президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.
Бишкек шаарынын мэриясынын азыркы аппарат жетекчиси Исаков Миргазы Маратович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.
Буйруктарга борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктар эми айрым майрам күндөрү иштейт

Эмгек кодексинин жаңы редакциясында мурдагы 23 майрамдын ордуна 21 майрам болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова билдирди. Маалыматка ылайык, эмгек кодексинен 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрдагы дем алыш күндөрү алынып салынды. Бул күндөр […]

Сизге жагышы мүмкүн