Бишкек мэринин жаңы орун басары дайындалды

Автор

Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Байгазиев буга чейин энергетика министринин орун басары болгон. Ал мэрияга Бишкек Жылуулук электр борбору менен “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасымэриянын балансына өткөндүгүнө байланыштуу которулду.
Талайбек Байгазиев вице-мэрлик кызмат менен бирге мэриянын алдында жаңыдан түзүлгөн Отун-энергетикалык комплекс департаментин жетектейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жетишпей калгандар үчүн Бишкек жана Ошто ЖРТ өтөт

2024-жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө жүйөөлүү себептер менен катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-23-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында Жалпы республикалык тестирлөө өтөт. ЖРТга каттоо же кайра каттоо 11-июндан 19-июнга чейин жүргүзүлөт. Каттоо даректери: – Бишкек шаарында […]

Сизге жагышы мүмкүн