Бишкек-Москва темир жол каттамы 18-декабрдан тартып жанданат

Автор

Бишкек-Москва багыты боюнча темир жол каттамы 18-декабрдан тартып жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
“Мисалы 45 күнгө чейин билетти алдын ала сатып алууда 20 пайыздык арзандатуу берилет, 31 күнгө чейин 15 пайыз, ал эми тез арада же бир жуманын ичиндеги билетти сатып алууда арзандатуу 5 пайызды түзөт. Билеттин баасы плацкарт вагонго 17 миң сом, ал эми купе вагонго 22 миң 725 сомдон жогору”,- деди Дастан Усубакунов.
Белгилей кетсек, вагондор бардык талаптарга, эл аралык стандартка жооп берет. Каттам боюнча поезд мурда Казань вокзалына барса, бүгүнкү күндө Павелецкий вокзалына 3 күндүк убакытта барат. Бишкек-Москва багыты боюнча билеттерди вокзалдын кассасынан жана онлайн түрдө сатып алса болот.
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын социалдык тармактардагы расмий баракчасында маалымдалгандай, аталган каттам боюнча поезд Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып, Москвага ишемби жана шейшемби күндөрү жетет. Ал эми Москвадан поезд жекшемби жана шаршемби күндөрү чыгып, Бишкекке шаршемби жана ишемби күндөрү келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Райымбек Матраимов камактагы жазадан бошотулду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго өкүм чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (бейбаштык) жана 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 100 миң сом айыппул салынган. Соттон белгилешкендей, Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, […]

Сизге жагышы мүмкүн