Бишкек милиция башчысы кечирим сурады

Автор

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциясы өттү. Анда Ногойбаев журналисттерге  буга чейинки билдирүүсү боюнча комментарий берип, кечирим сурады.

«Мен өзүмдүн билдирүүмдө жашы жете элек өспүрүмдөрдү күнөөлөгүм келген эмес. Өспүрүмдөр үйүнөн чыгып кетип, сексуалдык зомбулукка кабылган фактылар бар экенин жана эч ким жазасыз калбай турганын айткам. Мен «өздөрү» деген сөздү ката айтып алдым. Туура эмес сүйлөсөм кечирим сурайм»,-деди ал.

Эске салсак, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында өз эрки менен баргандар болгондугун айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек-Сеул туруктуу аба каттамы ачылат

Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык,  Кореянын T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы 2023-жылдын июнь айында Сеул – Бишкек – Сеул багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландап жатат. Жаңы багыт боюнча биринчи каттамдын болжолдуу датасы 11-июнга белгиленген. Сеул шаарына […]

Сизге жагышы мүмкүн