Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 28-августта күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болууну эскертет.
“Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз, токтоосуз 112 кызматына чалыңыз”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын футзал курамалары беттешет

Бишкек шаарында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Япониянын курама командасына каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди. Маалыматка ылайык, оюндар 20 жана 22-сентябрь күндөрү борбор калаадагы “Газпром” спорт комплексинде өтөт. Эске салсак, Таиландда болуп өткөн Азия Кубогунун “С” тайпасындагы оюндарында Кыргызстандын курамасы ошол кездеги континенталдык чемпион […]

Сизге жагышы мүмкүн