Бишкек кышка даяр! Мэриянын билдирүүсү

Автор

Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетикалык комплексинин шаардык кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүнкү күндө бардык муниципалдык ишканаларда жарандардын үйлөрүн жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылды.
Эскерте кетсек, мурда аба ырайынын божомолун эске алуу менен жылуулук берүү 22-күндөн баштап ишке киргизилиши каралган. Бирок Бишкек шаарынын мэриясынан тиешелүү буйрук келгенден кийин гана жылуулук бериле баштайт.
Салт боюнча, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин болжолдуу маалыматы боюнча жылытуу мезгилинин башталышы абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 ℃ болгондо бериле баштайт, — деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Бөлүшүү:
Next Post

Илон Маск Трампты колдоого 75 миллион доллар жумшады

Илон Маск июлдан сентябрга чейин Трампты колдоо комитетине 75 миллион доллар салды Ишкер Илон Маск АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын шайлоо кампаниясын колдогон America PAC саясий иш-аракеттер комитетине 75 миллион доллар салган. Комитеттин отчетуна ылайык, SpaceXтин негиздөөчүсү 3-июлдан 5-сентябрга чейин уюмдун жалгыз донору болгон. Бул аралыкта ал жети жолу каражат […]

Сизге жагышы мүмкүн