Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы ыйгарылды

Автор

Бишкектеги медициналык борбор мындан ары “Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы” деп аталат.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде анын ысымы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына ыйгарылды.
Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын ишмердүүлүгү дарылоо-диагностикалык иштин сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган.
Достук ооруканасы ачылгандан бери өлкөнүн калкы медициналык кызматтардын жогорку технологиялуу түрлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты.
Медициналык борбордун түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт: медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү.
Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку кызматка талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жаңы жобо бекитилди

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын президенти, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоонун алкагында резюменин жаңы форматы бекитилди. Буга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин […]

Сизге жагышы мүмкүн