Бишкек ЖЭБнин директору алмашты

Автор

Нургазы Курманбеков Бишкек Жылуулук электр борборунун директору болуп дайындалды.
Бишкек ЖЭБдин жамаатына Нургазы Курманбековду Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев тааныштырды.
Талайбек Байгазиев белгилегендей, ишкананын жетекчилигине отун-энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, башталган реформаларды аягына чыгаруу жана белгиленген пландарды ишке ашыруу боюнча маанилүү милдеттер коюлган.
Өз кезегинде Нургазы Курманбеков көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди аткарууга бардык күч-аракет жумшалаарын белгиледи.
Белгилей кетсек, мурдагы жетекчиси Алпбек Садыров өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Жашыл чайдын касиеттүү пайдалары

Жашыл чай көптөгөн пайдалуу касиеттери менен белгилүү. Мына алардын айрымдары: 1. Антиоксиданттар: жашыл чайдын курамында полифенол жана катехин сыяктуу антиоксиданттар бар, алар клеткаларды бузулуудан сактайт. 2. Жүрөк-кан тамыр системасын колдоо: изилдөөлөр көрсөткөндөй, көк чай ичүү жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучун азайтат. 3. Мээнин иштешин колдоо: көк чайдагы Катехиндер мээнин иштешин […]

Сизге жагышы мүмкүн