Бишкек ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр

Автор

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору белгилеген мөөнөттө ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук жана турбиналык жабдууларды ишке киргизүүгө даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ысык суу берүү үчүн даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бишкек шаарынын ЖЭБинде ысык суу өчүрүлгөн учурдан тартып кыска мөөнөттүн ичинде төмөнкүдөй иштер аткарылды:
шаардын керектөөчүлөрүнө берилүүчү ысык сууну жылытуучу жана сордуруучу жабдууларды күйгүзүүгө жана өчүрүүгө тийиштүү тээктер оңдолду;
Бишкек шаарында түтүктөрдөгү жылчыктар жоюлду;
буу менен суунун агып чыгышына жол бербөөчү пломбалык материал алмаштырылды;
түтүктөрдүн мөөнөтү өтүп, жараксыз абалга келген участоктору алмаштырылды;
жылчыксыздыгын (герметика) жоготкон жапкычтар алмаштырылды;
Станциянын жылуулук тармактарынын задвижкаларын оңдоо иштери жүргүзүлдү
Оңдоо иштеринин сапатын тастыктаган гидравликалык сыноо жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБи «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКтын жана «Электр станциялары» ААКтын тиешелүү кызматтары тарабынан белгиленген жүктөө графиги боюнча «Бишкек жылуулук тармактары» тарабынан тапшырылган жылуулук жүктөмүн берүү менен иштейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден АКШнын куралдары менен Россияга сокку урууга уруксат берди

Президент Байден кеңешчилеринин жана негизги өнөктөштөрүнүн кысымы астында Украинага АКШда жасалган курал-жарактарды колдонуу менен Россиянын ичинде чектелген сокку урууга уруксат берди, бул Украина үчүн согушта жаңы барак ачышы мүмкүн экенин бейшемби күнү АКШ расмийлери билдирди. Байдендин чечими биринчи жолу америкалык президент өзөктүк куралы бар өлкөнүн чегиндеги артиллерияга, ракеталык базаларга жана […]

Сизге жагышы мүмкүн