Бишкек ЖЭБинде эки энергетикалык блок оңдолууда

Автор

Бишкек ЖЭБинин №3 жана №4 энергетикалык блоктору капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында аткарылууда.
Белгиленгендей, энергетикалык блоктор жети жыл бою тынымсыз иштеген. Ушуга байланыштуу алардын долбоордук кубаттуулугу 200 МВт чейин төмөндөгөн.
Ремонттон кийин блоктордун кубаттуулугу 300 МВт стандарттык чекке чейин көтөрүлүшү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп жана Харрис экинчи теледебаттарды өткөрүүнү пландоодо

АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Камала Харрис жана анын атаандашы республикачыл Дональд Трамп октябрь айында экинчи айлампа теледебаттарды өткөрүшөт. Бул тууралуу Харрис айымдын шайлоо кампаниясынын коммуникациялар боюнча директору Майкл Тайлер билдирди. «Америка элинде октябрь айында вице-президент жана Дональд Трамптын дебаттарын кайрадан көрүү мүмкүнчүлүгү болот»,-деди Майкл Тайлер. Камала Харрис жана Дональд […]

Сизге жагышы мүмкүн