Бишкек ЖЭБге көмүр ташылып келе баштады

Автор

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташылып келе баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБде «Агулак» участкасынан, Миң-Куш кенинен 180 миң тоннаны түзгөн жогорку калориялуу көмүр келүүдө.
Ошондой эле импорттук “Д” маркасындагы көмүрдү 250 миң тоннага, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен Кавак көмүрүн алып келүүгө 520 миң тоннага келишимдер түзүлүп, 50 миң тонна кыргыз көмүрүн алганга тендер жарыяланган.
Жалпысынан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү аяктоо үчүн 1 млн тонна көмүр, 110 679 млн м³ газ жана 8 миң тонна мазут менен камсыздоо пландаштырылууда. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 194 миң тонна көмүр бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 30-31-августта кайсы көчөлөр жабык болот? Тизме

Бишкекте 31-августта Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 30-август күнү майрамдык даярдыктарга байланыштуу Чыңгыз Айтматов проспектисинде автоунаалардын кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр коюлат. Ал эми 31-августта Жибек-Жолу, Манас проспектилеринин, Жусуп Абдрахманов жана Киев […]

Сизге жагышы мүмкүн