25-27-октябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, бул күндөрү Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин Кыргыз Республикасына жумушчу сапары жана ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.
«Буга байланыштуу мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча бардык чаралар тийиштүү деңгээлде көрүлөт», — деди ал.
Иш-чара учурунда төмөнкү көчөлөргө чектөө киргизилет:
«Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;
Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.