Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Автор

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Катуу шамал учурунда:
— Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
— Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
— Көз айнек кийиңиз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат

Кыргызстанда бүгүн, 28-июнда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер тапшырылат. Тагыраагы, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими жөнүндөгү күбөлүктөр 28-июнда саат 9:00дө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими жөнүндө аттестаттар саат 11:00дө тапшырылат. Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана […]

Сизге жагышы мүмкүн