Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке түз учууга болот

Автор

Эми Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке түз учууга болот. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.
«Кыргызстандын «Tez Jet» авиакомпаниясы «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунан Өзбекстанга туруктуу каттамдарды аткарууга уруксат алып, Бишкек жана Ош шаарларынан Өзбекстанга туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Каттамдар RJ-85 жана MD-83 учактары менен Ош — Ташкент — Ош жана Бишкек — Ташкент — Бишкек багыттары боюнча аткарылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Тумандан улам Ош аэропортунда каттамдар кармалууда

Коюу тумандан улам Ош эл аралык аэропортунда аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Учурда Ош – Жуковский, Ош — Санкт-Петербург каттамдары кармалып жатат. Ошондой эле Стамбул – Ош, Москва – Ош каттамдары Ош аэропортуна коно албай, Бишкектеги «Манас» аэропортуна конду. Учурда Ош аэропортунун […]

Сизге жагышы мүмкүн