Бишкек – Баткен багыты боюнча алгачкы каттам аткарылды

Автор

Бишкек – Баткен багыты боюнча биринчи жолу учкан “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Баткен шаарына конду. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, учактын алгачкы каттамын Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер салтанаттуу тосуп алышты.
Ички каттамдар боюнча учуп жаткан учак бүгүндөн тарта Баткен облусуна уча баштады. Жаңы учак менен Баткенге 80 жүргүнчү келди. Мындан ары бул учак жуманын шейшемби күнү Раззаков шаарына, бейшемби күнү Баткен шаарына каттайт.
“Ата мекендик авиакомпаниянын ишке кириши, мамлекеттик учактын каттамга коюлушу, авиакаттамдардын көбөйүшү менен билет бааларынын арзандашын шарттап, Бишкектен миң чакырым алыстыкта жайгашкан Баткен облусунун элинин муктаждыгын жеңилдетти”, — деп белгилешти өкүлчүлүктөн.

Бөлүшүү:
Next Post

"Чегинбейм": Wildberries компаниясынын тең ээси аялына 350 миллиард рубль доо койду

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана тең ээси Владислав Бакальчук жубайы Татьяна Бакальчукка жана анын бизнес өнөктөштөрүнө каршы 350 миллиард рубль суммасына доо арыз бергенин билдирди. Бул тууралуу ал Telegram-каналында жазып, Москванын арбитраждык сотуна берилген доо арызынын биринчи барагын көрсөттү. Бакальчуктун айтымында, доо компаниянын негизги активдери, анын ичинде кампалар, логистика, банк, товардык […]

Сизге жагышы мүмкүн