Англиянын тышкы иштер министри Давид Камерон Кыргызстанга келет. Ал президент менен жолугушуу учурунда коррупция менен күрөшүү, коопсуздук боюнча кызматташтык жөнүндө сүйлөшөт. “Борбордук Азия мамлекеттери санкциядан кыйгап өтүү аракетин көрбөшү керек”,- деген Камерон соода инвестиция жана билим берүү тармагы, аялдардын жана балдардын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу маселелерин да кошо талкуулайт.
Эскерте кетсек, Давид Камерон Улуу Британия жана Борбордук Азиядагы өлкөлөр менен кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрүү аракетин көздөп, Монголияны камтыган саясий саякатка аттанды.