Белгилүү болгондой, кечээ, 14-декабрда Бишкек-Алмата жолу катуу жааган кардан улам жабылган. Жамбыл облусунун Кордай районунун “Алма-Ата-Ташкент” боюнча багытында бороон болуп, 100дөн ашык унаалар жүргүнчүлөрү менен карда калышкан.
Бүгүн, 15-декабрда Кыргызстандын өзгөчө кырдаал министрлиги коңшу мамлекетке жардам жөнөттү. Анда 39 куткаруучу, кар күрөгөн 2 унаа, 5 ири унаа, 1 Ниссан Пикап жана жарандарды куткаруучу керектүү жарактар бар.