Бишкектин четиндеги 300га жерди мыйзамсыз ээлеп алгандар кармалды

Автор

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүштөрүн жана мүлктүк комплексти мыйзамсыз ажыратуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүштөрүн жана мүлктүк комплекстерди мыйзамсыз ажыратуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, айыл чарба жерлери, өндүрүштүк жана социалдык объектилер кирген «Ала-Тоо» винсовхозунун мүлкүн менчиктештирүүнүн алкагында айрым кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын бузуу менен Ю.Б.К.нын менчигине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө Бишкек шаарынын четиндеги 300 гектардан ашык жер мыйзамсыз берилгени аныкталган.
Жогоруда белгиленген адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин жана алардын байланыштарынын натыйжасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн иш жүзүндө жер жок, натыйжада Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын жана Бишкек шаарынын Көк-Жар айылынын тургундары артезиан суусуна жана жайыт жерлерине жетпей калышкан.
Аныкталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында үй-бүлөнүн эки мүчөсү Ю.Ч.К. жана Ю.Б.К. кармалып, камакка алынды. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз ээликтен ажыратуу жана ээлеп алуу фактыларына тиешеси бар башка адамдар аныкталат.
УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объекттерди аныктоо жана мамлекеттин кирешесине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда автогаз тартыштыгы жакын арада жоюлаары айтылды

Кыргызстанда автогаз тартыштыгы жакын арада жоюлат. Мунай ташуучулар ассоциациясы ишендиргендей, өлкө аймагына автогаз ташыган цистерналар кирди, жолдо Казакстандын аймагында да келе жатат. Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы автогаз таңкыстыгына Орусияда газ ташыган вагон цистерналардын жетишсиздиги жана өлкөдө бензиндин кымбатташына байланыштуу автогаз керектөөнүн өскөнү себеп болгон. “Автогаз керектеген машинелердин басымдуу бөлүгү такси кызматын […]

Сизге жагышы мүмкүн