Бишкектин түндүгү именен түштүгүн байланыштырган жаңы үч жол ачылат

Автор

Бишкекте Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар 7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду. Ал эми Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды.
Мисалы, Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу бириктирилип, Шүкүров көчөсү аркылуу көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат.
Шүкүров көчөсүндө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнөн көпүрө курулат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.
Учурда көпүрөнүн долбоору даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өтүп, сынак жарыяланды. 2024-жылдын 6-мартында документтер ачылат жана подрядчы уюм тандалат.
Белгилей кетсек, Шүкүров көчөсү — райондук маанидеги башкы көчө. Жогору жагы Ахунбаев көчөсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү каналга такалып, туюкка кептелчү. Долбоор ишке ашса, И. Ахунбаев менен Медеров көчөлөрү байланышат. Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу Кара-Дарыя көчөсү реконструкцияланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жүргүнчүлөрдү ташыган учакка чагылган тийди

Air Canada авиакомпаниясынын Boeing 777-300 учагы Ванкувер аэропортунан учуп, Лондонго баратканда чагылган тийген. Global News маалыматына ылайык, учак Ванкувер эл аралык аэропортунан жекшемби күнү кечинде саат 19:30да учуп бараткан. Анда сейрек кездешүүчү кышкы чагылган болду. Өзгөчө кырдаал учурунда учакта 550 жүргүнчү болгон. Учкунга кабылгандан кийин, ал жолун уланта берген. Учкучтун […]

Сизге жагышы мүмкүн