Бишкектин социалдык объекттилердин курулушуна 3,5 млрд сом бөлүндү

Автор

Бишкек шаардык мэриясы социалдык объектилердин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 3,5 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, кирешелерди көбөйтүү менен Бишкек мэриясы көптөн бери чечилбей келген орчундуу көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө тынымсыз иш алып барууда.
“Биринчи жолу жергиликтүү бюджеттен социалдык объекттилердин курулушуна 3,5 млрд сом, жолдор менен көпүрөлөрдү курууга 1,6 млрд сом жана коммуналдык кызматтар үчүн атайын техника сатып алууга 1 млрд сом бөлүндү. Приоритеттүү маселелердин бири социалдык объекттерди куруу болуп эсептелет. Бул маселени чечүүгө финансылык каражат 2023-жылга салыштармалуу эки эсеге көбөйтүлдү”,-деп белгиледи калаа башчысы.

Бөлүшүү:
Next Post

Россиянын аймактарында 100дөн ашуун дрон атып түшүрүлдү

Украинанын куралдуу күчтөрү дрондор аркылуу Россиянын бир нече облусуна бир убакта чабуул жасоого аракет кылышкан. Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, түн ичинде Крымдын жана Кара деңиздин үстүндө украиналык 70 учкучсуз учак жок кылынды. Абадан коргонуу күчтөрү Краснодар крайынын үстүнөн 43 учкучсуз учуучу аппаратты, дагы бирөөсү Волгоград облусунун […]

You May Like