Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган Айбек Жунушалиев эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, калаа башчысын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Эмилбек Абдыкадыров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин кызматынан бошотулду.