Бишкектин борборунда Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

Автор

Бүгүн, 22-июнда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Эстеликти ачуу аземи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун ишмерлери, кино ишмерлери, замандаштары, жакындары жана эстеликтин авторлорунун катышуусунда болду.
“Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деген сөз өлбөс-өчпөс учкул сөзгө айланып, Чокморов курч окуялуу ролдорду эле эмес, татаалдыгы, терең психологиялуулугу менен өзгөчөлөнгөн образдарды да мыкты ойногон, кыргыз маданиятына кыл калем чебери катары да чоң салым кошкон, ал кыска өмүрүндө тасма иштери менен бирге сүрөтчүлүк өнөрүн да таштабай аздектеген улуу талант болгон”, деп баса белгиледи өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.
Байсалов кошумчалагандай, бул эстелик бүт өмүрүн искусствого, элге кызмат кылууга арнаган улуу инсанга ыраазычылыгыбызды жана урмат-сыйыбызды билдирүү максатында тургузулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагестандагы теракттардан 15тен ашык полиция курман болду

15тен ашык полиция кызматкерлери Дагестандагы теракттардын курмандыктары болду. Ошондой эле бир нече жөнөкөй жарандар көз жумганын аймактын башчысы Сергей Меликов билдирди. “Дагестандын тынчтыгын жана коопсуздугун коргоп жаткан учурда, бүгүнкү теракттын курмандыктарынын арасында 15тен ашык полиция кызматкерлери бар”, – деди аймактын башчысы өзүнүн Telegram-каналында. Республикада 24-25-26-июнь күндөрү аза күтүү күндөрү деп […]

Сизге жагышы мүмкүн