Бишкек шаарында тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2024-жылдын 31-мартына чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тынч жолугушууларды жана акцияларды Максим Горький атындагы паркта гана өткөрүүгө болот.
Митингге чыгууга болбой турган жайлар:
«Ала-Тоо» аянты, Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин, Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанында, Панфилов паркында, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде, Жогорку Соттун алдында, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, УКМК имаратынын жанында.