Бишкектин “Ала Тоо” аянттындагы туу түшүрүлдү. Себеби

Автор

Бүгүн, 11-октябрда Улуттук гвардиянын жоокерлери катуу шамалдын кесепетинен «Ала Тоо» аянтындагы мамлекеттик тууну түшүрүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 4-августундагы Министрлер Кабинетинин токтому боюнча флагштокко орнотулган туу айрылып же ага зыян келтирилсе (катуу шамал, жаан же флагштокту оңдоо иштери болсо), мындай учурда туу түшүрүлөт.
Катуу шамал токтогон соң, туу кайра көтөрүлөт.
Эске салсак, буга чейин ӨКМ катуу шамал болору тууралуу эскерткен.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШда бороондон жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

АКШнын Флорида штатында болгон “Милтон” аттуу күчтүү бороондон жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-категориядагы бороон кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 млн тургунду электр жарыгысыз калтырды. Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген. Маалыматтар боюнча Флорида штатында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын […]

Сизге жагышы мүмкүн