Бишкектин аймагы үч эсе кеңейет

Автор

Бишкектин аймагы дээрлик үч эсе чоңоет. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, акыркы сунуштарга ылайык, ордо калаа аймагы 12 миң 900 гектардан дээрлик 38 миң гектарга чейин кеңейет. Бишкекке 8 айыл өкмөтү жана айрым айыл аймактары кошулат.
Мэр белгилегендей, тиешелүү жарлыкка президент кол коюшу керек.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК салыкчыларды кармады

Патентке төлөнчү акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Базар-Коргон районунун соода-базар комплексинин ишкерлеринин жана соодагерлеринин патенттерине төлөнчү […]

Сизге жагышы мүмкүн